Аламүдүндөгү Бер-Булак мектебинде түзүлгөн Дебат клубу окуучуларга оң таасир берүүдө (сүрөт)

Аламүдүндөгү Бер-Булак мектебинде түзүлгөн Дебат клубу окуучуларга оң таасир берүүдө (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы О.Турсуматов атындагы Бер-Булак орто мектебинде түзүлгөн Дебат клубу ийгиликтерди жаратууда. Бул тууралуу аталган мектептин директору Гүлнара Мамбетиманова билдирди.

«Биздин мектепте Дебат клубу 2010-жылы 2-декабрда ачылган. Таӊ калычтуусу — ошол күнү мен да директорлук кызматка киришкем (буйрук ошол күнү чыккан). Биз ошондо Алмаз Тажыбай башында турган «Перемена» инновациялык билим берүү борборуна мүчө болуп кирдик (Дебат клубу борбордун бир тармагы болчу). Алгач бизди Чынара Баяманова дебаттын ишмердүүлүгү боюнча үйрөтө баштады. Азыркы кезде Дебат клубу өзүнчө ассоциация болуп бөлүнүп, Чынара Баяманова жетекчиси болуп калды. Ошондон бери клубга көп окуучулар мүчө болуп кирүү менен көптөгөн ийгиликтерди жаратууда.

Алгачкы мүчөлөр өлкөбүздөгү, Россиядагы ЖОЖдордун студенттери болуп калышты. Ал жакта да алдыңкы студенттерден болуп, студенттик Дебат клубунун активдүү мүчөлөрүнө айланышты» - деди ал.

Ошондой эле Дебат клубунун балдарга тийгизген таасири чоӊ экенине да токтолду. «Эми дебат клубунун балдарга тийгизген жакшы жактарын айтсам: балдардын ой-жүгүртүүсү, интеллекти, сөз байлыгы, өз алдынча өсүүсү калыптанды. Эл алдына тартынбай чыгып, чечендик жөндөмү артып, сөз тыӊшап, сөзгө маани бергенге үйрөнүштү.

Дебат клубуна Аламүдүн районунан сырткары, Бишкек шаарынын №72, №73, «Герман- Гмайнер» мектеби, «Давха» менчик мектеби, Балыкчы шаарынын, Чолпон-Ата шаарынан, Талас шаарынын мектептери мүчө боло башташты. Булардын катарына быйыл, Чүйдүн Сокулук, Москва райондорундагы мектептери кошулуптур. Демек, окуучулар өз районунда эле жүрө бербей, өсүүгө жол ачылды. Башка райондун башка мектептерин көрүп, жакшы жактарын үйрөнө алышат. Башкача айтканда, досторду күтүшөт», - дейт Гүлнара Мамбетиманова.

Анын өзүнүн уяӊ кызы да курчуп, эл алдында тартынбай калганын белгиледи. «Дебаттагы оюндарды өткөргөндө кезек менен өткөрүбүз. Кызыгы, оюн уюштурарада балдардын жоопкерчилиги абдан жогору болот экен. Анткени өздөрүнүн конокторуна өздөрү жоопкерчилик менен мамиле кылышат эмеспи. Башкача уюштуралы деп, мектепти тазалап, программаларын түзүп, өз ара кызматтарды бөлүштүрүшөт. Өзүмдүн кызым Батырбек Айпери — азыр Медициналык академиянын 2-курсунун студенти. Мектепте окуп жүргөндө тартынчаак эле. Дебатка катышкандан кийин эл алдына уялбай чыгып, оюн так айтып, уяӊ мүнөзү курчуду. Кийин эл алдындагы дебаттарда да ойноп жүрдү. Азыр да студенттик кезде пайдасын көрүп жатканын айтып калат.

Биздин балдар эл алдындагы дебаттарды Билим берүү министрлиги, Жогорку Кеӊештин депутаттары жана башкалар катышкан 300 кишилик аудиторияда да оюн көргөзүп келишет. Мектепте окуучулардан куратор түзүлүп, кийинкилерге өткөрүп берип, өздөрү студент болгондо көзөмөлдөп турушат. Ошентип, биздин клуб Аламүдүн районунун мектептерин клубга мүчө болгонго тарттык. Иштегендер иштеп кетсе, айрымдары алып кете алышкан жок. Мунун арты менен биздин дебат тайпаларыбыз Чолпон-Ата, Талас, Алма-Атага турнирге барып келишти. Мектепте кыргыз тилинде окутсак да, орус лигасын өнүктүрүп, 2 жылдан бери ойноп келишет», - деп сөзүн жыйынтыктады директор.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up