Кеминде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы райондук деңгээлде белгиленди (сүрөт)

Кеминде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы райондук деңгээлде белгиленди (сүрөт)

Билим АКИpress - 2018-жылдын 20-ноябрында Кемин райондук маданият үйүндө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт» аталышындагы райондук иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жумгалбек Дүйшөбаев, Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Иманалиев, Дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, оор атлетика боюнча спортчу Каныбек Осмоналиев, Улуттук илимдер академиясынын академиги Жаныбек Шаршеналиев, жазуучу, КР Эл акыны, «Даӊк» медалынын ээси Сейит Жетимишов, акын-сатирик Эсенгул Чопиев, акын, драматург, КР Эл жазуучусу Асан Жакшылыков, обончу, музыкант Турганбай Молдогазиев Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева, Чүй облустук методикалык бирикмесинин өкүлдөрү жана район жетекчилери, маданият, билим берүү кызматкерлери, окуучулар катышты.

Иш-чарага келген коноктор улуу жазуучу жөнүндө ой толгоолорун айтышып, жалпы элди Айтматовдун чыгармаларын окуп, андан таалим-тарбия алууга чакырышты. Бир жыл ичинде өткөрүлгөн иш-чараларга активдүү катышкандарга Кемин райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ардак грамоталар, дипломдор тапшырылып, келген коноктор, демөөрчүлөр тарабынан китептер белекке берилди.

Меценат, демөөрчү медицина илимдеринин доктору, профессор Алымкадыр Бейшеналиев тарабынан 1-орунду алган Тар-Суу орто мектебинин окуучусу Фаризат Абдласовага «Гүлсарат» аттуу тай энчиленди.

Иш-чара райондук маданият кызматкерлери, Шайыр апа, Шайыр ата топтору, мектеп окуучулары тарабынан даярдалган сахналаштырып көрсөтүү, ошондой эле музыкалык номерлер менен коштолуп, китеп, сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up