Илимдер академиясынын президенти Берлин Парламентинин депутаттарын кабыл алды

Илимдер академиясынын президенти Берлин Парламентинин депутаттарын кабыл алды

Билим АКИpress - Бүгүн, 22-ноябрда, УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев Берлин Парламентинин депутаттары: ХДС фракциясынын иш башкаруучусу Дэнни Фраймарк, Трептов-Кёпеник округу боюнча ХДС фракциясынын төрагасы Майк Пэнн, К.Аденауэр атындагы фонддун Борбор Азия боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү доктор Томас Кунце баш болгон делегациясын кабыл алды.

Жолугушууга ошондой эле эл аралык бөлүмдүн башчысы Чолпон Койчуманова катышты.

Эки тарап мындан ары илим жаатында Германия менен Кыргызстандын ортосундагы биргелешкен кызматташууга макулдашып, эл аралык кызматташуудагы баардык багыттардын пайдубалын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Берлин Парламентинин депутаттары Кыргызстандын илим жана билим берүү тармагына кызыкдар экендигин жана колдоо көрсөтүшөрүн, Улуттук илимдер академиясы мындай ишти ишке ашырууда мындан ары кызматташууга аянтча болуп каларына үмүттөнөрүн билдиришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up