Халмион айылындагы мектептин кыргыз-өзбек тарыхый музейинде 2,5 миң экспонат сакталууда (сүрөт, видео)

Халмион айылындагы мектептин кыргыз-өзбек тарыхый музейинде 2,5 миң экспонат сакталууда (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Кадамжай районунун Халмион айылындагы Токтогул атындагы орто мектебиин кыргыз-өзбек тарыхый музейинде 2,5 миң экспонат сакталууда. 19 миңден ашуун калкы бар бул айылда кыргыз, өзбек улутундагы элдер жашайт.

1975-жылы Токтогул атындагы кыргыз-өзбек мектеби уюшулган. Ал эми 1989-жылы аталган мектепте кыргыз-өзбек улутунун тарыхын камтыган 6 бөлүмдөн турган чоң музей ачылган.

Музейдин 1-бөлүмү «Күжүрмөн Даңк» деп аталып, бул жерде эки улуттун согуш ардагерлеринин сүрөттөрү, согуш жылдарына тийиштүү буюмдар, орден-медалдар жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери тууралуу маалымат тактайчалары коюлган.

2-бөлүмү «Мектеп тарыхы» деп аталат. Анда мектептин түптөлүш тарыхы, биринчи мугалимдер, биринчи окуучулар жана бүтүрүүчүлөр, мектепте окуп кеткен атактуу адамдар тууралуу маалыматтар камтылган.

3-бөлүмү болсо «Колхоз тарыхы» деген аталышта. Анда Советтер союзу мезгилинде эң алгачкы түзүлгөн Халмион айылындагы «Победа» колхозу, анда эмгектенген чоң ата, чоң энелер тууралуу маалыматтар бар.

4-бөлүм «Минерология» деп аталат. Анда тарыхий табылгалар, эки улуттун байыркы колдонгон идиш-аяктары, ата-бабалар колдонгон буюмдары коюлган.

5-бөлүмү — «Экология» бөлүмү. Бул жерде Кыргызстандын Кызыл китебине кирип, коргоого алынган өсүмдүктөр, жаныбарлар жана кооз жерлер тууралуу маалыматтар камтылган.

Ал эми «Манас таануу» деп аталган 6-бөлүмүндө болсо «Манас» эпосунун тарыхы камтылган.

2,5 минден ашуун экспонаттары бар бул музей ачылгандан бери аны менен 14 миң адам таанышып чыккан. Бул жерде эң байыркы табылгалар, 1916-жылдарга таандык кыргыз кыз-келиндеринин тагынчактары, зер буюмдары (шакек, сөйкө ж.б) жана 1920-жылдарга таандык өзбек элинин улуттук идиш-аяктары сакталып турат.

«Бул музейди уюштуруунун максаты — эки улуттун окуучулары билим алгандыктан, алардын ортосунда достукту бекемдөө, тарых маданиятын үйрөтүү жана аларды муундан муунга жеткирүү», - дейт аталган мектептин директору Элиер Камилжанов.

Учурда музейде 40тан ашуун экскурсовод-окуучулар бар. Алар өзбек, кыргыз жана англис тилдеринде музей менен тааныштырышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up