Кеминдеги мектептердин кыргыз тилчи мугалимдери тажрыйба алмашты (сүрөт, видео)

Кеминдеги мектептердин кыргыз тилчи мугалимдери тажрыйба алмашты (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Кемин районуна караштуу М.Өмүралиев атындагы Кызыл-Суу орто мектебинде 2018-жылдын 22-ноябрында мамлекеттик тил боюнча тажрыйба алмашуу жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Кайрылып келип, жолугушту биз менен» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Кемин районундагы мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери, тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Асылкүл Мурзалиева катышты.

Кеченин жүрүшүндө кыргыз тили жана адабияты мугалимдери: Рахат Бээрманова 11-класска кыргыз тили сабагынан «Фразеологиянын мүнөздүү белгилери» жана Гүлзат Садыкова 9-класска кыргыз адабияты сабагынан Жусуп Турусбековдун «Каракчынын трагедиясы» поэмасы, башталгыч класстын мугалими Гүлнура Солтонбаева «Табыш жөндөмөсү» боюнча көрсөтмөлүү ачык сабактарды өтүштү. Сабакта мугалимдер учур талабына ылайык техникалык каражаттарды жана интерактивдүү методдорду колдонуу менен келген коноктордун көңүлүн бурду.

Сабакка окуучулар активдуу катышты. Ачык сабактар боюнча сунуш-пикирлер айтылып, талкуу жүргүзүлдү. Ошондой эле адабият айдыңынын алпы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Кайра кайтып, жолугушту биз менен» аттуу класстан тышкаркы иш-чара мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Жылдыз Жабуева тарабынан өткөрүлдү. Анда таланттуу окуучулардын аткаруучулук чеберчилиги менен Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр сахналаштырылып, көркөм окуулар жана чакан концерттик программа тартууланды.

Кечеде ошондой эле Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча окуучулардын тарткан сүрөттөрүнүн көргөзмөсү уюштурулду. Иш-чаранын катышуучулары М.Өмүралиев атындагы Кызыл-Суу орто мектебинин жалпы эмгек жамаатына мыкты даярдыктар үчүн ыраазычылык билдиришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up