Кара-Жыгачтагы бала бакчада «Дүйнө Айтматовду окуйт» аттуу иш-чара өттү (сүрөт, видео)

Кара-Жыгачтагы бала бакчада «Дүйнө Айтматовду окуйт» аттуу иш-чара өттү (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылындагы «Наристе» балдар бакчасындагы мектепке чейинки балдарды даярдоочу топко тарбиячы Динара Маткеримова «Дүйнө Айтматовду окуйт» деген темада ачык сабак өттү.

Маалым болгондой, сабакка атайын комиссия түзүлүп, ага Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси, айыл өкмөт башчысы, айылдык кеңештин депутаттары, ата-энелер комитети жана балдар бакчасынын методисти катышты.

Иш-чарада балдар Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повести менен жакындан таанышып, чыгармадагы каармандардын образдарын, мүнөздөрүн биле алышты. Алар чыгармадан үзүндүлөрдү көркөм айтып беришти. Сабактын аягында балдар «Ак кемени» жана чыгармадагы башкы каарман баланы чагылдырып, сүрөт тартышты.

Иш-чаранын соңунда тартылган сүрөттөр көргөзмөгө коюлуп, ар бир сөрөткө мүнөздөмө берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up