Нарын ОИИБи мектеп окуучуларын мекенчилдикке тарбиялоо максатында иш-чара өткөрдү (сүрөт, видео)

Нарын ОИИБи мектеп окуучуларын мекенчилдикке тарбиялоо максатында иш-чара өткөрдү (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - 2018-жылдын 24-ноябрында Нарын облустук ички иштер башкармалыгы Нарын шаарындагы 10 мектептин 90 окуучусу үчүн Ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чаранын максаты — мектеп окуучуларын мекенчилдикке тарбиялоо менен бирге кесипи тандоого багыт берүү.

Маалым болгондой, иш-чара алгач Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу менен ачылып, Нарын облустук ички иштер башкармалагынын башчысы милициянын полковниги Уланбек Алиев сөз сүйлөп, окуучуларды жакшы билим алууга, мекенди сүйүп кызмат кылууга, тартиптүү болууга чакырып, окууларына ийгилип каалап өттү. Ошондой эле иш-чарага келген 10 мектептин окуучулары атайын даярдап келген чыгармаларын аткарып беришти. Андан соң кызмат учурунда көз жумган ОИИБдин кызматкерлерин чагылдырып тартылган чакан видеотасма көрсөтүлүп, алар эскерилди.

Нарын ОИИБдин кызматкерлери имаратынын ичи, ар бир кызматкердин аткарчу ишин толугу менен келген конокторго көрсөтүп берип, иш учурунда колдончу курал-жарактары менен кенен тааныштырып өтүштү.

«Балдардын кабыл алуусу абдан жакшы болду. Анткени баарыбыз эле балдар деп жашайбыз, алар биздин келечегибиз. Ошол себептен балдардын патриоттук сезимин күчөтүү, келечектеги кесиптерди тандоого жол көрсөтүп, алдына жакшы максаттарды коюуга жардам берүүгө аракет кылдык. Өзүбүз деле күбө болуп жатабыз, жаштарыбыз жеңил оокатка, жакшы кийим, деги эле түбөлүктүү эмес нерселерге кызыгып жатат. Өлкөнүн келечеги жаштардын колунда дегендей, аларга туура багыт, тарбия берүү биздин, жалпылап айтканда, чоңдордун милдети. Окуучуларга чындыгында биздин иш кызыктуу көрүнөт эмеспи. Ошол эле учурда бул кесип менен мекенди сүйүп иштөөсү керектигин тушүндүрүүгө аракет кылдык», - деди Нарын ОИИБдин башчысы милициянын полковниги У.Алиев.

Иш-чарага активдүү катышып, өспүрүм балдарга тарбия берүүдө, алар менен иштешүүдө зор салымдарын кошуп жаткан мугалимдерге жетекчи сыйлоо барактарын тапшырып, иштерине ийгиликтерди каалады.

Аталган иш-чаранын уландысы Нарын шаарындагы Ж.Субакожоев атындагы «Сапат» билим берүү лицейинин ичин толук тааныштыруу менен жыйынтыкталып, бардык келген конокторго сый тамак уюштурулду.


Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up