Кочкорлук 3 окуучу жеңил атлетика боюнча облус чемпиондору болушту (сүрөт)

Кочкорлук 3 окуучу жеңил атлетика боюнча облус чемпиондору болушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Аймактарды өнүктүрүү жылына карата жеңил атлетика боюнча мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн Нарын облусунун биринчилигинде Кочкор районунан барган окуучулар алыскы жана жакынкы аралыктарга чуркоо боюнча мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, 2 алтын медаль тагынышты.

Маалым болгондой, Ш.Рысмендеев атындагы орто мектебинин 11-классынын окучусу Аралбек уулу Майрамбек 200 метр аралыкка чуркоодо 1-орунду ээледи. Ошондой эле 10-класстын окуучулары Улукбек кызы Нурперизат 1500 метр, Болотбек улуу Даниэль 200 метр аралыкка чуркоо боюнча 1-орунду камсыз кылышып, жеңүүчү деп табылышты. Алар 1-даражадагы диплом менен сыйланышып, алтын медаль тагынышты.

Ал эми мелдешке даярдап келген мугалими Сайнагүл Сакиева Нарын облустук олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up