Нарында Япон ресурстук борборунун 10 жылдыгы белгиленди (сүрөт, видео)

Нарында Япон ресурстук борборунун 10 жылдыгы белгиленди (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Нарын облустук билим берүү борборунда Япон ресурстук борборунун кызматташтыгынын 10 жылдыгы белгиленди.

Аталган борбор мындан 10 жыл мурун уюшулуп, япон-кыргыз мамилелерин тереңдетүүгө салым кошуп келе жатат. Борбордун максаты япон тилин, маданиятын үйрөнүүгө багытталган.

Бул жылдардын аралыгында Япония өлкөсүнөн 8 ыктыярчы келип, сабак өтүп, тил жана япон маданиятын үйрөтүштү. Билим берүү борборунда 2008-жылдан баштап ийрим ачылып, аны япон тилинде эркин сүйлөп, сабак берүүгө жетишкен Нурзат Кубатова жетектейт. Ал 2009-жылы Япония өлкөсүнүн Осака шаарындагы Хюман акемемиясында жана 2013-жылы Айтама шаарындагы мугалимдердин эл аралык тажрыйба борборунда тажрыйба алмашып келген. Ошондон бери ыктыярчылар менен бирге окуучуларга япон тилин жана маданиятын үйрөтүп келүүдө.

Окуучулар жыл сайын 5 тайпада билим алышат. Аларга сабак теориялык жана практикалык негизде жүргүзүлөт. Ийримге катышкан окуучуларды 5 деңгээлден турган тестирлөөгө даярдашып, эл аралык сертификаттарга ээ болгон окуучулар ар кандай программаларга катышып, Японияда билимин улантышууда. Аталган борборго Япония өлкөсүнөн музыкалык аспаптарда ойноону үйрөнүү максатында 10 тайко добулбас грант катары берилген.

Борбордун мааракесине арналган кечеге бийлик өкүлдөрү, ата-энелер, окуучулар жана меймандар катышты. Аларга ийримдин катышуучулары япон тилинде ыр ырдап, бий бийлеп, музыкалып аспапта япон күүлөрүн чертип беришти. Аягында «Бондори» жана «Кара жорго» бийлерин бийлешип, флеш-моб уюштурушту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up