Нарында студенттер ВИЧ инфекциясын алдын алуу боюнча өз ойлорун айтышты (сүрөт)

Нарында студенттер ВИЧ инфекциясын алдын алуу боюнча өз ойлорун айтышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын медициналык колледжинде Нарын шаарындагы 6 окуу жайдан чогулган студенттер ВИЧ инфекциясын алдын алуу боюнча ой толгоолорун айтышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун кызматкери Айжан Акаева билдирди.

Аталган иш-чараны Нарын медициналык коллдежи менен Нарын облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борбору уюштурган. Ага Нарын шаарындагы 6 окуу жайдын студенттери катышып, өз кесиптик багытына жараша ой толгоолорун айтып, суроо-жооп уюштурушту.

«Иш-чараны максаты — ВИЧ инфекциясынын таралышын жана жуктуруу жолдорун алдын алуу тууралуу жаштардын арасында маалымдуулугун жогорулатуу. Мында ар бир студенттер кесиптик багытына жараша ВИЧ-СПИД оорусу тууралуу айтып беришти. Ушул теманын алкагында суроо-жооптор берилди. Ар бир окуу жай кантип алдын алуу иштерин жүргүзсө болорун айтышты. Иш-чарага Нарын шаардык мериясынан жана Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунан өкүлдөр катышты», - деди Айжан Акаева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up