Кочкордогу «Аруузат» бала бакчасында «Күз берекесин» өткөрүштү

Билим АКИpress - Кочкордогу «Аруузат» бала бакчасында «Күз берекеси» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кара-Күңгөй айылынын тургуну Айгүл Саалиева маалымдады.

Анын айтымында, бала бакчанын тарбиячыларынын аракети менен бөбөктөр «Күз берекеси» темасында оюн коюшту. Бөбөктөр күз тууралуу ырларды ырдап, сценкаларды аткарышты. Макал-лакап, табышмактарды айтып, жер-жемиштер боюча көргөзмө уюштурушту.

Кара-Күңгөй айылындагы «Аруузат» бала бакчасы турак үйдө ачылып, иштеп келе жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up