Жалгыз-Терек айылында окуучулар арасында жаратылышты коргоо максатында квест оюну өткөрүлдү (сүрөт)

Жалгыз-Терек айылында окуучулар арасында жаратылышты коргоо максатында квест оюну өткөрүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районуна караштуу Жалгыз-Терек айылынын Р.Усубалдиев атындагы орто мектебинин 7-8 класстары арасында «Жаратылышты бирге сактайлы» аталышындагы квест оюну өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга «Каратал-Жапырык» мамлекеттик жаратылыш коругунун директору Бакыт Чороев билдирди.

Маалым болгондой, аталган коруктун кызматкерлери тарабынан аталган мектептин 7-8-класстардын окуучулары арасында «Жаратылышты бирге сактайлы» аталышындагы квест оюну 21-ноябрь күнү өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты — окуучулардын экологиялык билим деңгээлин жогорулатуу, жаратылышка кызыгуусун арттырууну көздөө.

Квест оюнунун шарттары боюнча, окуучулар жалпы 5 командага бөлүнүп, командалардын аттары аталып, атайын түзүлгөн тапшырмаларды аткарышты. «Экологиялык викторина», «Жапайы жаныбарлардын издери», «Жаратылыштын табышмактары», «Экологиялык кроссворд» жана «Кайсы нерсе ашык?» логикалык ой жүгүртүү сынактары уюштурулду.

Мындан тышкары, амындай иш-чаралар «Каратал-Жапырык» мамлекеттик жаратылыш коругуна чектеш жайгашкан айылдардагы орто мектептерде дагы өткөрүлмөкчү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up