Апкан айылындагы мектеп окуучулары Ч.Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырышты (сүрөт)

Апкан айылындагы мектеп окуучулары Ч.Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Бүгүн, 26-ноябрда Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Апкан айылындагы А.Жоробаев атындагы орто мектебинде «Чыңгыз Айтматов жана анын каармандары биздин айылда» аттуу адабий театралдаштырылган кече болуп өттү.

Кечеге Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Кыдырова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Заитов, райондун аймагындагы бардык мектептердин алдыңкы мугалимдери катышты.

Иш-чара алгач Ч.Айтматов жана анын каармандарынын жөө жүрүшү менен башталып, андан соң чыгаан жазуучуунун чыгармаларын сахналаштырып көрсөтүп беришти. Ошондой эле «Айтматовдун ааламына саякат» аттуу көргөзмө уюштурулуп, анда жазуучунун чыгармалары мугалимдердин чеберчилиги менен көрсөтүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up