Аравандык окуучу Антальяда өткөн эл аралык олимпиадада «Супер чемпион» аталды (сүрөт)

Аравандык окуучу Антальяда өткөн эл аралык олимпиадада «Супер чемпион» аталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Түркиянын Анталия шаарында менталдык арифметика боюнча өткөрүлгөн эл аралык олимпиадада Араван районунун Нурабад айыл өкмөтүнө караштуу З.Розахунова атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Макнуна Касимжанова 1-орунду алды.

Аталган мектептин директору Аброрбек Юсуповдун маалыматына караганда, олимпиадага 7 мамлекеттен 90 окуучу катышкан.

«Биздин окуучу кыз 24-ноябрь күнү Түркиянын Анталия шаарында өткөрүлгөн эл аралык олимпиадада 1-орунду алып, супер чемпион болду. Ага Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстандан жалпы 90 окуучу катышты», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up