Аравандык окуучулар Түркиядагы эл аралык олимпиадада алдыңкы орундарды ээлешти (сүрөт)

Аравандык окуучулар Түркиядагы эл аралык олимпиадада алдыңкы орундарды ээлешти (сүрөт)

Билим АКИpress - 2018-жылдын 24-ноябрында Түркиянын Анталья шаарында менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиада болуп өттү. Ага Араван районундагы мектептердин окуучулары катышып, алдыңкы орундарды алып кайтышты.

Маалым болгондой, З.Розахунова атындагы мектептин 8-классынын окуучусу Макнуна Касымжанова «Супер чемпион» аталып, А.Темур атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Сухробжон Абдураимов чемпион болду. Ал эми З.Бабур атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучусу Мирбек Урумов 2-орунду жана Сабыржан Исмаилов 3-орунду ээлешти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up