Фото, видео — Красная Речкадагы мектепте ысык тамак бериле баштады. Алгачкы түштөнүүгө министр менен донорлор катышты

Фото, видео — Красная Речкадагы мектепте ысык тамак бериле баштады. Алгачкы түштөнүүгө министр менен донорлор катышты

Билим АКИpress - Бүгүнкү күнү Билим берүү жана илим министрлиги жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) тарабынан, Кыргызстандын 420 мектебине пилоттук негизде киргизилген ысык тамак берүү долбооруна дагы 83 жалпы билим берүүчү мекемелери кошулду.

Алардын бири Чүй облусунун Красная Речка айылындагы орто мектеп болду. Андагы алгачкы түштөнүүгө Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Россия Федерациясынын элчилигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана КРдагы БУУ ДАТПтын өкүлдөрү катышты.

Министр бүтүндөй билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн бул программаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. «Президенттин аймактарды өнүктүрүү жөнүндө жарлыгын ишке ашыруунун алкагында министрлик ысык тамак берүү программасын кеңейтүүгө чоң көңүл бурууда. Өкмөттүн колдоосу менен жылына жарым миллиард сом мектептердеги тамактандырууга багытталууда. Бүгүнкү күндө биз мектептерде милдеттүү ысык тамак берүүнү мыйзамдык деңгээлде бекитүүнү даярдоодобуз, окуучулар үчүн эле эмес, мектепке чейинки мекемелердин тарбиялануучуларына да тиешелүү балдарды тамактандыруунун улуттук программасынын долбоору иштелип чыкты», - деп белгиледи ал.

«Мектептеги түшкү ысык тамак — бул жөнөкөй маселе эмес, биринчи караганда ошондой көрүнөт. Мунун артында технологдордун жана ашпозчулардын чыңалган эмгеги, мектеп администрациясынын колдоосу, ата-энелердин, жергиликтүү бийликтин жана өнөктөштөрдүн катышуусу, донорлордун милдеттенмелери жана өкмөт тарабынан керектүү жетекчилик турат. Мектепте тамактандыруу баланын жалпы өнүгүү процессине таасирин тийгизет, аймактардын жана жалпы эле өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн келечегине негизги шарт болгон жагымдуу билим алуу атмосферасын түзөт», - деди БУУ ДАТПнын КРдагы директору Андреа Баньоли.

Кыргызстанда мектептик тамак берүүнү оптималдаштыруу боюнча программа 2013-жылдан бери Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен ишке ашууда. Негизги максаты — өлкөдөгү 2200 мектепте тамактандыруунун сапатын жакшыртуу.

Бул демилгенин эффективдүүлүгү жана туруктуулугу өкмөт жана жергиликтүү бийлик, коомчулуктун, анын ичинде ата-энелердин кеңири колдоосун алды, ошондой эле башка донорлордун жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн кызыкчылыгын жаратты. Атап айтканда, өлкөдөгү мектептерде тамактандыруунун өнүгүшүнө БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) өз салымын кошуп, 15 мектептик бакчаларга 2700 алма көчөттөрүн бөлүп беришти. Түшүмү мектепте тамактандыруунун керектөөлөрүнө жумшалмакчы.

«Донорлордун, мамлекеттик органдардын жана өнөктөштөрдүн бириккен күчү менен биз Кыргызстандагы мектептик тамактандыруунун туруктуу өнүгүшүн камсыздай алабыз», - деп кошумчалады Андреа Баньоли.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up