Илимдер академиясында студенттер ак илбирсти даңазалап, флеш-моб өткөрүштү

Илимдер академиясында студенттер ак илбирсти даңазалап,  флеш-моб өткөрүштү

Билим АКИpress - 28-ноябрда УИАга кыргыз-орус тилдер кафедрасынын башчысы Мира Түмөнбаева баш болгон Кыргызстан эл аралык университетинин студенттери келишти.

Студенттерди УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев жана Гуманитардык жана экономика илимдери бөлүмүнүн төрагасы, академик Абдылдажан Акматалиев тосуп алышты. Академиктер жаштарга Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы, андагы жан дүйнөгө азык болчу асыл ойлор, гуманизм, жазуучунун келечек жөнүндө ой калчоосу, чыгармаларынын дүйнө жүзүнө жайылышы жөнүндө айтып беришти жана Айтматовдун чыгармачылыгына арналган бөлмө менен тааныштырышты. Соңунда алар жаштардын окуусуна ийгилик каалашты.

«Иш-чара дүйнөгө атагы чыккан улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында өтүп жатат. Мааракеге байланыштуу биз жайында Эл аралык конференция өткөргөнбүз. А бүгүн Чыңгыз Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романынын негизинде «Ак илбирс – Ала-Тоонун байлыгы» деген флеш-моб өткөрүп жатабыз. Иш-чаранын алкагында студенттер ак илбирстин кеп-кийими менен Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларга, анын ичинде Улуттук илимдер академиясына келип, «Айтматовдун чыгармаларын дүйнө эли окушат» деген билдирүүсүн жеткиришүүдө. Себеби Айтматовдун чыгармаларындагы козголгон юридикалык, адеп-ахлактык, экологиялык маселелер дайыма актуалдуу бойдон кала берет. Ал эми студенттердин мындай иш-чарага жигердүү катышуусу алардын өмүр бою эсинде калып, чыгармадагы жазуучу даңазалаган сапаттар
алардын багыты болуп калат, бул алардын жамандыкты жеңгенге жана жакшылыкка умтулганга күч берет деген үмүттөбүз», - деди иш-чараны уюштурган Кыргызстан эл аралык университетинин кыргыз-орус тилдер кафедрасынын башчысы Мира Түмөнбаева.

IMG_5733

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up