Аравандагы мектептерде СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чаралар өтүп жатат (сүрөт)

Аравандагы мектептерде СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чаралар өтүп жатат (сүрөт)

Билим АКИpress - Араван райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу бардык мектептерде 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чаралар өтүп жатат.

Алсак, Араван райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган сүрөт көргөзмөсү З.М.Бабур атындагы орто мектебинде уюштурулуп, жеңүүчүлөр облустук турга жолдомо алышты.

Ошондой эле Маңгыт айыл өкмөтүндөгү А.Эшенкулов атындагы орто мектебинде бул иш-чара боюнча спорттун волейбол, баскетбол түрлөрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы С.Шарипов атындагы орто мектебинде тогуз коргоол боюнча мелдеш өткөрүлсө, Төбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы М.Назаров атындагы орто мектебинде Ч.Айтматов бурчу уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up