Түштүк Кореянын алдыңкы университетинде акысыз билим алып жаткан У.Айтматовдун ийгилиги (сүрөт)

Түштүк Кореянын алдыңкы университетинде акысыз билим алып жаткан У.Айтматовдун ийгилиги (сүрөт)

Билим АКИpressүлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — баткендик Улукбек Айтматов. Ал учурда Түштүк Кореядагы эң алдыңкы университеттердин биринде акысыз билим алып жаткан кези. Анын мындай ийгиликке кантип жеткени тууралуу төмөндө сөз болот.

Улукбек Айтматов Баткен областынын Сүлүктү шаарында 2000-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал жерде Р.Жолматов атындагы мектепте башталгыч классты окуп, андан кийин Н.Кушматов атындагы гимназияда 6-класска чейин окуган.

«6-класста окуп жүргөн кезимде математика сабагына болгон кызыгуумду көргөн мугалимибиз мени 6-класстар арасындагы мамлекеттик олимпиадага даярдай башташган. Бирок, тилекке каршы, областтык турунда ийгиликтүү орунга татый албай калганм. Андан аркы окуу жылдарымды Кадамжай «Семетей» лицейинде уланттым. Ал жакта 7-класстан 11-класска чейин ийгиликтүү билим алдым десем болот. Анткени аталган лицейде менин жашоого болгон көз карашым толугу менен өзгөрдү. Лицейде болгон мезгилимде бир гана англис, түрк тилдерин үйрөнүү менен чектелип калбастан, адеп-ахлактуу, дүйнө таанымы кең адам болуп жеттим деп эсептей. Башкача айтканда, лицей бул мен үчүн «окуунун ачкычы» болду.

Лицейде окуп жүргөн учурумда математика сабагынан олимпиадага даярдана баштадым. Бирок, тилекке каршы, менин атаандаштарым, менин лицейде бирге окуган досторум менден күчтүү чыгып, 9-10-11-класстарда лицейдин атынан чыга албай калдым. Жаратканга ыраазымын, лицейдеги мугалимдерим мага жаңы максат таап беришкен. Ал максат — чет өлкөдөгү эң престиждүү университеттен билим алуу эле. Башында мен да бардык досторум сыяктуу билимдин очогу болгон Америка калаасына окууну максат кылгам. Американын жогорку окуу жайлары окуучулардан «SAT» деген тестти талап кылышат, ал эми чет өлкөлүктөрдөн «TOEFL» тестин кошо талап кылышкандыктан, мен 9-класстан баштап англис тилин терең өздөштүрүүнү максат кылып келгем.

Жогорку окуу жайларга тапшыруу убагында лицейдеги байкелерден үйрөнгөн методду колдондум. Биринчи 3 топко болүп алгам: биринчи топто өтүүгө кыйын болгон престиждүү 2 жогоркуу окуу жайды; экинчи топто өтүүгө көзүм жеткен 3 окуу жайды; үчүнчү топто кокус кандайдыр бир көйгөйлөр болуп, алдыңкы топко илине албай калсам деп 3 башка жогорку окуу жайларды тандап койгон болчумун.

Ошентип, 5 окуу жайга тапшырмай болгом. Бирок, мен тапшырган окуу жайлардын жооптору мен ойлогондой болгон жок. Американын 3 окуу жайына тапшырдым: алардын экөөсүнө эч кандай жеңилдиксиз кабыл алындым, бирөөсүнөн «кара кат» алдым десем түшүнүктүү болсо керек. Болгариянын жогорку окуу жайына документтерден көйгөй жаралып, жетишпей калгам. Үмүтүм өчүп турган кезде Кореядан кубанычтуу кабар келген.

Ошентип, учурда Түштүк Кореянын «State University of New York (SUNY), Korea» жогорку окуу жайында акысыз билим алым жатамын. Бул окуу жай Американын «Stony Brook» университети менен Түштүк Кореянын келишиминин негизинде 2012-жылы Инчхон шаарында ачылган. Өзүңүздөр байкадыңыздар болуш керек, бул окуу жай жөнүндө көп адамдар билишпейт. Анткени бул окуу жайдын ачылганына 6 гана жыл болду. Ушул себептен мен бул окуу жай жөнүндө сиздерге кененирээк маалымыт бере кетсем.

Балким, ушул макаланы окуп, бул жогорку окуу жайга биздин мамлекеттен көбүрөөк окуучулар тапшырар деген ниеттемин. Бул окуу жайдын өзгөчөлүктөрү чет элден тапшырган окуучулардын көбүн бюджеттик негизде окууга кабыл алышат. Бирок ар семестр сайын «GPA’ге», башкача айтканда, орточо упайына карап, бюджеттерин кайра жаңылашат. Дагы бир өзгөчөлүгү, студенттерди кесибине карап, Америкадагы «Stony Brook» жогорку окуу жайына 1 же 2 жылга окууга жиберишет. Эстете кетсем, «Stony Brook» жогорку окуу жайы Америкадагы алдыңкы 50 мамлекеттик окуу жайлардын бири. Ал эми менин кесибим болгон информатика боюнча алдыңкы 40 жогорку окуу жайлардын катарын толуктайт.

Азыркы чакта биздин өлкөдөн бул окуу жайда мени кошкондо 4 гана окуучу бар. Менин буларды айтып жатканымдын себеби, биздин өлкө билимдүү адамдарга муктаж жана менин бул сөздөрүм өлкөмдүн жаштары үчүн кичине болсо да жардамы тиер деген ниеттемин.

Мен бул жерде жаңы маалыматтык технологиялар тармагы боюнча окуп жатамын. Менин бул тармакты тандаганымдын бир нече себептери бар. Биринчиден, менин компьютерге жана математикага болгон кызыгуум түрткү болду десем жаңылышпайм. Өзүңүздөр билгендей эле, азыр технологиянын өнүккөн заманы, бирок тилекке каршы, биздин өлкө башка өлкөлөргө караганда тохнологиядан артта калып жатабыз. Мунун себеби эмнеде? Себеби биздин өлкөдө азыркы убакта күчтүү кадрлардын аздыгынан же күчтүү кадрларга жумуш орундарынын жоктугунан болуп жаткандыгын баарыбыз билет болушубуз керек. Менин дагы бул тармактагы пландарымдын бирөөсү — биздин мамлекетке кайтып келип, өзүмдүн мамлекетимди технология тармагынын өнүгүүсүнө өз салымымды кошсом деген үмүтүм чоң», - деп айтып берди Улукбек билими тууралуу.

У.Айтматов өзүнүн үй-бүлөсү жөнүндө айта кетти. «Менин ата-энем боорукер, мээнеткеч жана эң башкысы, чынчыл адамдар десем жаңылышпаймын. Мени кичинекейимден канчалаган катачылыктарды кетиргениме карабастан, ар дайым сабыр кылып, жаман жолдон токтотуп, туура жолду көрсөтүп, өздөрүнүн акыл-насаатын айтып тарбиялашты.

Атам «Т.Марипов» ЖЧК шахтасында башкаруучу болуп эмгектенет, апам азыркы убакта үй кожейкеси. Мен 4 бир туугандын улуусумун.

Менин бул окуу жайга ийгиликтүү тапшырышыма ата-энемдин жана бир туугандарымдын салымы чоң деп эсептеймин. Себеби алардын мага болгон ишеними мага ар дайым куч-кубат болуп, мени азыркы турган жериме чейин жеткирди. Ата-эненин балдарына калтырган чоң байлыгы, мурасы туура тарбия демекчи, бизге татыктуу тарбиясын берип, ак нанын аябаган ата-энеме алыстардан салам жолдоймун», - дейт студент үй-бүлөсү тууралуу.

Улук бош убактысын футбол, теннис ойноо же китеп окуп, ар кандай иш-чараларга катышуу менен өткөрөт. «Бул менин окуу жайда биринчи жылым болгондуктан, көзгө көрүнөрлүк иш жасаганга жетишкен жокмун. Бирок, алдыма койгон чоң максаттарым бар. Аларды азыр айтканга туура болбой калат, анткени алар ишке ашпай калса, жалганчы болуп калам.

Мени көбүнчө ойлонткон маселе — бул өлкөмдүн жаштарынын алып жаткан билими жана тарбиясы. Бул экөө куштун канаттары сыяктуу, бири болбосо, бийиктикке куш учуп чыга албайт. Ал эми экөө тең жок болсо, анда ал куш бийиктик деген нерсени эч качан түшүнө албайт. Эгер бийиктикти багынтууну кааласа, ал куш эки канатка муктаж болот. Ушундай эле адамдын жашоосунда да экөөсү тең керек. Мисалы, ушунча жыл чет өлкөдө билим алып, бирок тарбиясы начар адам бар дейли. Тарбиясы начар адамдын башка бир адамга урмат-сыйы кайдан болсун? Эгер ал бир адамга жакшы сый-урмат көрсөтө албаса, анда ал кантип элине жакшылык алып келмек эле? Же сиз ушундай адамдын элге жакшылык алып келгенин көрдүңүз беле? Ушул себептен, менин окурмандарга сунушум: балдарыңызда же өзүңүздө ушул эки нерсени ар дайым бирдей алып кетүүнү унутпаныздар», - деп сөзүн жыйынтыктады Улукбек Айтматов.

Жазган: АБДУЛЛА ДОСМАТОВ

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up