Өзгөндөгү А.Калмурзаев мектебинин окуучулары «Биз СПИДке каршыбыз» таймашында жарышты (сүрөт)

Өзгөндөгү А.Калмурзаев мектебинин окуучулары «Биз СПИДке каршыбыз» таймашында жарышты (сүрөт)

Билим АКИpress - 2018-жылдын 30-ноябрь күнү Өзгөн районуна караштуу А.Калмурзаев атындагы орто мектебинде 10-11-класстар арасында 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата «Биз СПИДке каршыбыз» деген темада таймаш болуп өттү.

Химия-биология мугалимдери тарбынан уюштурулган таймаштын негизги максаты — окуучуларга жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, терс көрүнүштөрдөн алыс кылу.

Сынактын жыйынтыгында 10-класстын окуучуларынан түзүлгөн команда жеңишке жетишип, Ардак грамота менен сыйланышты. 9-класстын окуучуларынан ВИЧ-СПИДдин ден соолукка тийгизген таасири боюнча тесттер алынып, 7-класстарда сүрөт сынагы, 8-класстарда «Флеш-моб» бий сынактары өткөрүлүп, «Манас жаштары» уюмунун мүчөлөрүнүн эсебинен баалуу белектер менен сыйланышты.

Аталган мектеп 29-ноябрь күнү Ош Билим берүү институту тарабынан 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлгөн кароо-сынакка катышып, ыраазычылык каты менен сыйланган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up