Оштогу мектептер менен бала бакчаларда «Манас жумалыгы» башталды

Оштогу мектептер менен бала бакчаларда «Манас жумалыгы» башталды

Билим АКИpress - Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 3-7-декабрь күндөрү «Манас жумалыгы» өтөт. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А.Асанов билдиргендей, бул жумалык 4-декабрь — Манас күнүнө карата уюштурулуп жатат.

Аталган жумалыктын алкагында бала бакчаларда тарбияланып жаткан балдар арасында «Манасым — менин мурасым» аттуу ураанда эпостон үзүндү айтуу, «Манас — балдардын көзү менен» аттуу сүрөт тартуу сынагы жана анын галереясы уюштурулат.

Ал эми мектептерде «Манас жумалыгынын» алкагында алп манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы жыйынтыкталып, буга байланыштуу ачык сабактар, класстык сааттар, көргөзмөлөр, сахналык программалар жана талкуулар уюштурулат. Андан сырткары, 8-10-класстын окуучуларынын арасында «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы өтмөкчү.

Маалыматка ылайык, билим берүү мекемелеринде өтүп жаткан бул жумалык Ош шаарында экинчи жылы уюштурулуп жатат.

Буга чейин, 2015-жылдын 27-апрелинде, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн «Манас» эпосунун күнүн 4-декабрда белгилөө жөнүндөгү атайын токтому чыккан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up