Чоң-Алайдагы мектептерде окуучулар менен ата-энелердин катышуусунда талкуулар жүрдү (сүрөт)

Чоң-Алайдагы мектептерде окуучулар менен ата-энелердин катышуусунда талкуулар жүрдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Чоң-Алай районундагы Ташбек уулу Гапар атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Кундуз Токтаматова 4-класстын окуучулары менен ата-энелеринин катышуусунда «Келгиле окуйбуз» долбоорунун алкагында «Каармандар бизде мейманда» деген темада класстан тышкаркы саат уюштурду.

Сабактын негизги максаты — окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу жана ата-энелердин бул процесске катышууга активдүүлүгүн күчөтүү.

Сабакт сынак түрүндө өтүп, анын жүрүшүндө 4-класстын адабий окуу предметинин программасына ылайык, өтүлгөн темалардагы каармандар, алардын образдары, бул образдардагы оң жана терс сапаттар, алардын тарбиялык мааниси боюнча талкуу жүрдү. Талкуунун жыйынтыгы менен ата-энелер балдары менен биргеликте каармандар боюнча ырларды жазышып, дубал гезиттерди чыгарышты.

Ошондой эле 2018-жылдын 3-декабрь күнү Чоң-Алай районундагы «Ак-Суу» орто мектебинин 11-классынын класс жетекчиси Эшмат Машеров ата-энелердин жана мектеп администрациясынын катышуусу менен жыйын өткөрдү. Ага класстагы окуучулардын жалпы ата-энелери катышты.

Иш-чаранын негизги максаты — бүтүрүүчүлөрдүн жакынкы аралыкта боло турган предметтер боюнча олимпиаданын райондук туруна жана жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыктар боюнча талкуу, көйгөйлөрдү аныктоо, ата-энелер менен биргеликте аракеттенүү.

Класс жетекчи тарабынан жогорудагы маселелер боюнча бүгүнкү күндө аткарылып жаткан иш-аракеттер боюнча маалымат берилди. Ата-энелер абал менен жакындан таанышып, жакшы даярдык көрүп, ийгиликтерге жетишүүсү үчүн балдарына колдоо көрсөтүп, жардам бере тургандыктарын билдиришти.

Ушул эле райондогу Эсенкелди уулу Максатбек атындагы орто мектебинде «Манас жаштары» уюмунун салтанаттуу жыйыны өткөрүлүп, анда «Манас», «Семетей», «Сейтек» кошуундарынын катарына кабыл алуу жүрдү.

Иш-чаранын негизги максаты — уюмдун катарына кабыл алуу аркылуу уюмдун идеяларын тереңдетип жайылтуу, улуттук маданияттын негизинде тарбиялоону күчөтүү.

Иш-чара улуттук спорттук оюндар менен коштолуп, мүчөлүк акынын эсебинен жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле салтанаттуу кечеде мектептин жалпы окуучуларынын алдында мектеп парламентинин быйылкы окуу жылында жаңыдан шайланган депутаттарына мандаттары тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up