Талас облусунда авариялык абалдагы 14 мектеп бар

Билим АКИpress - Талас облусу боюнча бүгүнкү күндө курууга муктаж 14 мектеп бар. Бул тууралуу Талас облустук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Борончу Өмүрканов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, Талас облусунда жалпы 112 мектеп бар. Алардын ичинен авариялык абалдагы 14 мектеп катталган. 14 мектептин үчөөсү Талас районунда, бешөө Бакай-Ата районунда, дагы алтысы Манас районунда жайгашкан.

«Бүгүнкү күндө Таласта 18 мектеп курулуп жатат. 2017-2018-жылдар ичи 5 мектептин курулуш иши аяктап, ишке берилди», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up