Алайдагы №21 мектепте райондук мектептердин окуу бөлүм башчылары чогулушту (сүрөт)

Алайдагы №21 мектепте райондук мектептердин окуу бөлүм башчылары чогулушту (сүрөт)

Билим АКИpress - 2018-жылдын 29-ноябрында Алай районунун №21 Ш.Сатиев атындагы орто мектебинде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына, С.Ибраимовдун 90 жылдыгына жана Аймактарды өнүктүрүү жылына карата «Усулдук бирикменин иштерин жакшыртуу — окуучулардын билим сапатын көтөрүүгө өбөлгө» аттуу райондук семинар болуп өттү. Ага райондогу мектептердин окуу бөлүм башчылары катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, №21 Ш.Сатиев атындагы орто мектебинин окуу бөлүм башчысы Э.Жусупбаева видеоролик аркылуу өзүнүн аткарып жаткан иштери, мектептин окуу тарбия ишин көзөмөлдөө, усулдук бирикменин иштери, тажырыйбасы тууралуу айтып, усулдук бирикменин жетекчилеринин иш кагаздарын, аткарылган иштерин тааныштырды, ал суроо-жооп негизинде талкууланды.

Так предметтер боюнча усулдук бирикменинин жетекчиси Канат Абдылдаев «Билим берүүнүн мамлекеттик стандарттык окуу программасы» жөнүндө, «Практикалык иш менен иштөөнүн эрежелери» деген темада сабак өтүүнүн усулдарын айтып, жеткиликтүү практикалык сабак өтүп берди.

Ошондой эле «Вечер памяти писателя Чингиза Торокуловича Айтматова» деген темада орус тилинде жана кыргыз тилинде класстан тышкаркы окуулар өтүлдү.

Семинардын соңунда уюштуруучуларга , эң мыкты даярданган мугалимдерге райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-методикалык кабинетинин башчысы тарабынан Ардак грамоталар тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up