Алай районунда окуучулар Ч.Айтматов менен С.Ибраимовду эскеришти (сүрөт)

Билим АКИpress - Алай районунун №13 Б.Абжапаров атындагы орто мектебинде Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча окуучулардын тарткан сүрөттөрүнүн көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле алар улуу жазуучунун чыгармаларын сахналаштырып коюп беришти.

Ошондой эле мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына карата Алай районунун № 7 С.Молдокулов атындагы орто мектебинде иш-чара өтүп, ага Кыркоол айылынын тургундары да катышты. Аксакалдар окуучуларга С.Ибраимов жөнүндө билгендерин, анын ишмердүүлүгү, адамгерчиликтүүлүгү тууралуу айтып беришти.

Ушул эле райондун алыскы Сары-Таш айылындагы №39 К.Эсенов атындагы орто мектебинде электрондук китепкана боюнча мектеп директорлорунун райондук семинары өтүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up