Оштогу даражалуу мектептердин билим берүү сапаты төмөндөп кеткен, - Ош шаардык кеңешинин депутаты Г.Эсенбаева

Оштогу даражалуу мектептердин билим берүү сапаты төмөндөп кеткен, - Ош шаардык кеңешинин депутаты Г.Эсенбаева

Билим АКИpress - Кечээ, 4-декабрь күнү Ош шаардык кеңешинин депутаттары шаардагы мектептер менен бала бакчалардын абалы менен жеринен таанышып чыгышты. Тагыраагы, алар орус тилдүү Макаренко атындагы мектеп-гимназиясынын, №14 К.Алтыбаев атындагы орто мектебининин жана «Келечек» балдар бакчасынын абалы менен таанышышкан.

Шаардык кеңештин депутаты Гүлсана Эсенбаева Макаренко мектеби гимназия статусун жоготконун баса белгиледи. «Биз, шаардык кеңештин депутаттары, атайын мектептер менен бала бакчаларды текшерүүгө алдык. Ош шаарында тээ илгертен бери Ломоносов, Киров, Макаренко атындагы мектептери популярдуулугун жоготпой келүүдө. Бирок, бул мектептердин учурда аты эле болбосо, балдарга билим берүү сапаты төмөндөп кеткен. Макаренко мектебинин директору 10 жылдан бери башкарып, жөнгө сала албаптыр. Бир класста 60тан окуучу 1 партада 3төн отуруп билим алышат. Балдардын билиминин пайдубалы түзүлүп жатканда, мындай кайдыгерлик мамиле балдардын билим сапатынын төмөн болушун шарттайт. Ата-энелер көп кайрылса да, билим сапатын көтөрүү үчүн азыраак бала алыш керек. Бул мектеп-гимназия статусун жоготкон», - деди ал.

Ошону менен катар шаардык кеңештин депутаттары «Келечек» балдар бакчасынын ашканасына да көз жүгүрттүшкөн. Алар бала бакчанынын абалы жакшы экенине ынанышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up