Аксыдагы мектепте китепканачылардын семинары өттү (сүрөт)

Аксыдагы мектепте китепканачылардын семинары өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Аксы районунун Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде «Китеп — руханий жан дүйнөнүн азыгы» деген темада китепканачылардын райондук семинары болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Мира Муктарова билдирди.

Анын айтымында, семинарга райондогу бардык мектептердин китепканачылары кытышты.

Иш-чарада Ж.Бөкөнбаев мектебинин директору А.Мамбетова семинарды ачып, программасы менен тааныштырды. Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Ж.Жороева семинардын максаты жөнүндө айтып берди. Катышуучулар китепкана жана иш кагаздары менен таанышып, тажырыйбалары менен алмашышты. Китеп темасындагы ачык сабактар өткөрүлүп, класстан тышкаркы иш-чаралар уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up