Ак-Сууда мектеп окуучулары арасында «Милициянын жаш досу» сынагы өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Суу районундагы мектептер арасында «Милициянын жаш досу» аттуу сынак болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага жергиликтү бийликтин өкүлдөрү, РИИБ кызматкерлери катышты.

Сынакка 12 команда катышып, жыйынтыгында 3-орунду Алышпаева атындагы мектеби, 2-орунду М.Мамакеев атындагы гимназия мектеби алды. Ал эми 1-орунга Ашуубаев атындагы мектеби ээ болду. Жеңүүчүлөр эми облустук сынакта райондун намысын коргойт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up