Ошто 6-класстын окуучусунун китеби жарык көрдү (сүрөт)

Ошто 6-класстын окуучусунун китеби жарык көрдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» атындагы мектеп-лицейинин 6-«А» классынын окуучусу Кенжебаева Айнагүлдүн «Аруу тамчы» аттуу алгачкы ырлар жыйнак китебинин бет ачар аземи болуп өттү.

Бул поэзиялык кечеге Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы усулчусу Тынчтыкбек Досмуратов, «Жигер» адабий клубунун негиздөөчүсү, акын Улукбек Омокеев келип, куттуктоо сөздөрүн айтуу менен бирге өздөрүнүн белек-бечкектерин тапшырышты.

Мектеп жетекчилиги уюштурган бул адабий кечеге Айнагүлдүн ата-энеси, бир туугандары жана санаалаштары келип, уюштуруучу мугалимдерге терең ыраазылыгын билдиришти. Поэзия кечеси ар түрдүү маданий программалар менен коштолуп, Айнагүлдүн калеминен жаралган ырларды окуучулар көркөм окушту.

Мектеп жетекчилиги жана кыргыз тили адабияты сабагынын мугалими И.Шамырзаев, класс жетекчиси Н.Акылбек уулунун демилгеси менен жаш акындын ыр китеби даярдалган. Айнагүл жаш кезинен чыгармачылыкка кызыгып, «Дүйнөдөгү эң бай адам» аттуу кыскача аңгемесин да жазган.

Бул иш-чаранын катышуучулары Айнагүлгө чыгармачылык ийгиликтерди каалап, мындан ары да бул таланты ташкындап, салмактуу чыгармаларды жарата берүүсүнө тилектеш экендигин билдиришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up