Жумгалдын Чаек айылында «Жаш Даанышман» эстетикалык тарбия берүү борбору ачылды

Жумгалдын Чаек айылында «Жаш Даанышман» эстетикалык тарбия берүү борбору ачылды

Билим АКИpress - Жумгал районунун Чаек айылында «Жаш Даанышман» эстетикалык тарбия берүү борбору ачылып, сүрөт, моделдештирүү, дизайн, архитектура жана жасалгалоо өнөрлөрү боюнча ийримдер иштеп жатат. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Максат Сайнидинов билдирди.

Анын маалыматында, окуу борборуна мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар кабыл алынат. Ага окуучуну мектепке даярдоо боюнча жаш курактары 5 жаштан 7 жашка
чейинкилер алынат.

Эстетикалык борбор райондук билим берүү бөлүмү менен бирге кызматташтыктын негизинде ачылган. Анда көрөм сүрөт тартуу ийрими, кийим моделдештирүү, архитектура, дизайн негиздери, жасалга колдонмо өнөрү, кийизди кайрадан көркөм иштөө жана англис тили, кыргыз тили, математика менен жалпы тестирлөөгө даярдоо ийримдери бар.

Максат Сайнидинов өзү Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын дипломанты. Көркөм сүрөт жана технология мугалими.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up