Илимдер академиясында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерилди (сүрөт)

Илимдер академиясында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерилди (сүрөт)

Билим АКИpress - Кечээ, 6-декабрда УИАда улуу жазуучу, даанышман ойчул Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Айтматовдун замандаштары: Мен билген Айтматов» аттуу эскерүү жана «Айтматов окуулары - 2018» эл аралык илимий-практикалык конференциясы өттү.

Иш-чарага Президенттик аппаратынын, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүк аппаратынын, министрликтердин, Жазуучулар союзунун өкүлдөрү, окумуштуулар, адабиятчылар, чыгармачыл инсандар, ЖОЖдордун окутуучулары, коомдук ишмерлер, журналисттер ж.б. катышты.

Өлкөнүн президенти Сооронбай Жээнбеков Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата куттуктоосунда улуу жазуучунун дүйнө адабиятына, «Манас» эпосун сактап калууга жана изилдөөгө кошкон зор салымы жөнүндө айтып өттү. «Айтматов – өткөн күндүн феномени эмес, улутубуздун келечеги үчүн анын таасири зор бойдон кала берет. Улуу жазуучунун ар бир чыгармасы адамдык дөөлөттөрдү аздектеп сактоого, абийирдүү жашоого, ал үчүн күн сайын күрөшүүгө чакырат. Кыргыз интеллигенциясы, анын ичинде Улуттук илимдер академиясынын жамааты, Айтматовдун идеяларын, анын дүйнө таанымын, жалпы мурасын азыркы жана кийинки муундардын сезимине терең жеткирүү миссиясын аткаруусу зарыл. Айтматовдун чыгармалары ар бир жараныбыздын руханий энциклопедиясы болуп калышы керек. Бул иште адабиятчылардын, сынчылардын, илим адамдарынын, сиздердин ролуңуздар өзгөчө мааниге ээ», - деди ал.

Салтанаттуу иш-чарага өзүнүн куттуктоолорун Жогорку Кеңештин, Өкмөттүк аппаратынын өкүлдөрү да жолдошту.

УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев өз сөзүндө УИАнын Тил жана адабият институту залкар инсаныбыздын атын алып жүргөндүгүн, быйыл институт дагы 90 жылдык мааракесин өткөргөндүгүн, Чыңгыз Айтматов илимпоздорду терең сыйлагандыгын айтты. «Улуу жазуучубуз УИАнын анык мүчөсү болуп, өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин УИАнын улуттук атрибут катары сакталып калышына зор салым кошуп келгендигин жакшы билебиз. Ошондуктан бул даңктуу датага УИАнын окумуштуулары өтө чоң маани берип, ал бизге айтып кеткен керездерин аткаруу ыйык милдет экендигин белгилеп кетүүбүз абзел», - деп кошумчалады ал.

«Бүгүн улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун замандаштарынын «Биз билген Айтматов» деген эскерүүсүн уюштуруп жатабыз. Бул жерде Айтматовду тааныган, билген жакын академиктер, корреспондент-мүчөлөр өздөрүнүн алган таасирлерин, пикирлерин билдиришти. Жашоодо Айтматов кандай адам эле, окурмандар жазуучунун чыгармаларынан кандай таасирленди, алардын турмушунда кандай мааниге ээ болду деген суроолорго жооп беришти. Айтматов 2008-жылы 22-январда академиктер менен жолугушуугакелген эле. Мына ошол документалдык тасманын үзүндүсүн көрсөттүк, быйыл Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган 34 китеп чыкты, алардын көргөзмөсүн уюштуруп, бет ачарын өткөрдүк. Ошондой эле Айтматовдун чыгармасы боюнча «Жаабарс» спектаклинен үзүндү көрсөтүлдү. Ал эми конференцияда Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы кинодо, музыкада, театрда, философияда кандай чагылдырылгандыгы жөнүндө докладдар окулат», - деп билдирди академик, Айтматов таануучу, Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев иш-чара тууралуу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up