Премьер-министр М.Абылгазиев Жалал-Абаддагы 2 мектептин абалы менен таанышты

Премьер-министр М.Абылгазиев Жалал-Абаддагы 2 мектептин абалы менен таанышты

Билим АКИpress - Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусундагы 2 мектептин абалы менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы маалымдады.

Өкмөт башчыга маалымдалгандай, Жалал-Абад шаарынын «Бабкин» атындагы №1 орто мектеби 1927-жылы курулган. Мекеме 600 окуучулук орунга эсептелген, бирок азыркы тапта мектепте 2 миңден ашуун окуучу үч нөөмөт менен билим алууда. Мектеп имаратынын эскилиги жеткендигине жана анын жүктөмү оорлошкондугуна байланыштуу бүгүнкү күндө жаңы мектеп куруу маселеси турат.

Премьер-министр белгилегендей, аймактарды өнүктүрүү боюнча өкмөттүк программанын алкагында социалдык мүнөздөгү маселелерге өзгөчө маани берилет. «Өкмөт билим берүү тутумун жакшыртууга багытталган бир катар чараларды кабыл алууда. Тактап айтканда, мен тарабынан жаңы стандарттар каралган документке кол коюлган, анда англис тили саатын 2ден 5ке дейре жогорулатуу, ошондой эле информатика сабагынынын санын көбөйтүү каралган. Мунун өзү биздин билимдүү, алдыңкы жаштардын тарбияланып чыгышын кааларыбызды билдирет. Биз сиздерге чоң үмүт артабыз. Силер кесип тандоого олуттуу карап, эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон кесипти тандап алууңар керек, ал силердин келечегиңерди аныктайт», - деп баса белгиледи М.Абылгазиев окуучулар менен маектешип жатып.

Билим берүү мекемеси менен таанышып чыгып, премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга мектептин жаңы имаратынын курулушун баштоо мүмкүндүгүн карап чыгууну тапшырды.

Андан соң өкмөт башчы Базар-Коргон районуна караштуу Жай-Терек айылынын А.Монокбаев атындагы №29 орто мектепке барды. Мугалимдер менен жолугушууда М.Абылгазиев окутуучуларды, ата-энелерди өз мекенин сүйгөн мекенчил жана анын өнүгүүсүнө өз салымын кошууга умтулган эмгекчил катары тарбиялоо үчүн балдардын окуусуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Кыдыруунун жыйынтыгында премьер-министр бул мектептин аймагында ичүүчү суу менен камсыздоо линиясын ачты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up