Аламүдүндөгү Т.Актанов мектебинде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленди (сүрөт, видео)

Аламүдүндөгү Т.Актанов мектебинде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленди (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Аламүдүн районундагы Т.Актанов атындагы Кашка-Суу орто мектебинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган «Каармандар бизде мейманда» аттуу райондук семинар өткөрүлүп, ага мектептердин тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары катышты.

Семинарда мектер окуучулары Ч.Айтматовдун өмүр баянын, чыгармаларын атап айтышты. Өзгөчө, чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахналаштырып аткарып беришти. Ар бир чыгарма ыр менен коштолду. Орус тилчи мугалим Назгүл Кадыркулова «Бетме-бет» чыгармасы боюнча ачык сабак өтүп, балдарды Айтматовдун чыгармаларын сүйүүгө, патриот болууга чакырды.

Семинардын катышуучулары балдардын талантына, мугалимдердин чоң эмгегине баа берип, ыраазы болушту. Аламүдүн районунун билим берүү бөлүмү, райондук администрация уюштурган Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын жыйынтыгында Т.Актанов атындагы Кашка-Суу орто мектеби активдүү катышкандыгы үчүн диплом менен сыйланды.

«Мыкты сүрөтчү» сынагында аталган мектептин 10-классынын окуучусу Муса Шабданбеков 1-орунду, ал эми директорлордун көркөм окуу сынагында ушул эле мектептин директору К.Таласбаева 1-орунду камсыз кылышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up