Жаш мушкер Альберт Өзбекстандагы мелдешке баруу үчүн 3 күндө салмагын азайткан (сүрөт)

Жаш мушкер Альберт Өзбекстандагы мелдешке баруу үчүн 3 күндө салмагын азайткан (сүрөт)

Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Бишкек шаарындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу Альберт Бактыбеков. Ал спорттун тай бокс түрү менен машыгып, көптөгөн ийгиликтерге жетишти.

Альберт 2006-жылы Каракол шаарында төрөлгөн. Ал мелдешке барар алдындагы жана бара жаткандагы кызыктуу окуялары жөнүндө айтып берди. «Өзбекстанга мелдешке барарымда салмагымды 3 кг азайытышым керек эле. Анан тамакты өлчөмү менен аз ичип, чуркап, машыгып 2-3 күн ичинде 3 кг салмакка арыктагам. Ошентип, Кыргызстандан мен курактуу балдар Өзбекстанга мелдешке жөнөп кеттик. Баарынын салмагы азайып же көбөйүп кетпеши керек. Жолдо баарыбызга тамак жегенге бобойт болчу. А бирок, мен 2-3 күндөн бери салмагымды азайтам деп тамакты аз ичип жаткандыктан, курсагым ачып, чыдабай кетип агайыма айтсам, ал мага жолдон самсы алып берди. Ичиндеги балдардын салмагы башынан эле өз нормасында болгондуктан, алар менин самсымды карап, жегиси келген. Мен ансайын тамшанып жеп жаттым. Ошол окуя такыр эсимен кетпейт», - деп айтып берди жаш спортчу.

Альберт спорт менен 2,5 жылдан бери машыгып келет. «Мен спорттун тай бокс түрү менен 2,5 жылдан бери машыгам. Спорттун арты менен Өзбекстан мамлекетине 2 жолу барып келдим. Бизди ошол мелдештерге Сыргак Айталиев агайыбыз даярдайт. Биз ага чоң рахматыбызды айтабыз. Мага тайбокстон сырткары, сууда сүзүү жана теннис ойноо жагат.

Мен келечекте Кыргызстандын намысын коргогон мыкты спортчу болсом дейм. 2019-жылы март айында Дүйнөлүк чемпионатка барабыз. Учурда ошол мелдешке даярданып жатам», - деди ал пландары тууралуу.

Жаш спортчу үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up