Бирлик айылындагы мугалимдер Ч.Айтматов тууралуу билүү боюнча таймашты

Билим АКИpress - Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылынын С.Мурзакматов атындагы орто мектебинин мугалимдери арасында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгана карата таймаш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, Бирлик айылдык китепканасы уюштурган иш-чарага С.Мурзакматов атындагы мектептин мугалимдери катышты. Алар 5 командагы бөлүнүп алып, берилген тапшырмаларды аткарып, Ч.Айтматов тууралуу билгичтигин көрсөтө алышты. Мугалимдер залкар жазуучунун чыгармаларынан 3 мүнөттүк сахналаштырылган көрүнүштөрдү аткарып, сүрөткө түшүрүлгөн тасмаларын таап, кроссворд толтуруп, обондуу ырлардан созушту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up