Кош-Дөбөдөгү мектепте жана бала бакчада Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин «Назик» кыздар уюму 8-9-10-11-класстарда окуган кыздар арасында «Айтматов ааламындагы аялзат» аттуу фестиваль өткөрүштү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Анара Нусупова билдирди.

Фестивалдын максаты — Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын чыгармаларындагы аялзат темасынын көтөрүү, аялдардын коомдогу ордун билүү.

Иш-чарада берилген тапшырмалар:
1. Баяндама;
2. Монолог же сценка;
3. Кол өнөрчүлүк;
4. Ыр же бий тапшырмасы.

Фестивалдын жыйынтыгында 10-9-класстар мыкты деп табылып, 10-«В» классы кол өнөрчүлүк боюнча эң жакшы деп белгиленди.

Ушул эле мектепте Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата мугалимдер ортосунда сынак болуп өттү. Сынакта аттарын жактоо, көркөм окуу же монолог, жазуучунун чыгармаларынан көрүнүштөрдү аткаруу, обонду ыр тапшырмалары берилди.

Мугалимдер Ч.Айтматовдун чыгармаларын жеткиликтүү аткарып, өздөрүнүн артисттик чеберчилигин көрсөтүштү.

Жыйынтыгында кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмеси 1-орунду, 2-орунду биохимия усулдук бирикмеси жана 3-орунду орус тили жана адабияты усулдук бирикмеси алышты.

Сынактын уюштуруучусу — Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин китепканачысы Турдукан Чотубаева.

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата аталган мектепте 3 айлык жарыяланып, анын алкагында «Бир жумага бир китеп» жумалыгы, чыгармалардан үзүндүлөрдү аткаруу, көркөм окуу, мыкты дубал гезит сынактары, ачык сабактар уюшулду. «Жаш лидерлер» клубу бул боюнча мыкты иш алып барышты.

Ошондой эле Кош-Дөбө айылындагы «Калыйкан апа» балдар бакчасында да Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси өтүп, балдар ата-энелери менен биргеликте чыгармалардан сахналышытырылган көрүнүштөрдү аткарып беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up