Токмоктогу №9 мектепте театралдык ийрим ачылып, окуучулар Ч.Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасын сахналаштырышты

Токмоктогу №9 мектепте театралдык ийрим ачылып, окуучулар Ч.Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасын сахналаштырышты

Билим АКИpress - Токмок шаарындагы Ч.Айтматов атындагы №9 орто мектепте театалрдык ийрим ачылды. Андагы окуучулар залкар жазуучунун «Ак кеме» чыгармасынан үзүндү аткарышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин музыка сабагынан берген мугалими, кино жана театр актрисасы Асел Мамытова («Апамдын махабаты» тасмасында Салиянын ролун жараткан) билдирди.

«Токмок шаарындагы №9 Ч.Айтматов атындагы мектепте 1-4-класстардын окуучуларына музыкадан сабак берем. Ошондой эле мектебибизге 2 ай мурун театралдык ийрим ачканбыз. Анда таланттуу окуучулар өздөрүнүн жөндөмүн сынап, кызыккандар катышууда. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата Токмок шаарынын мэриясына, шаардык маданият борборуна жана мектепке «Ак кеме» чыгармасынан үзүндү аткарып бердик. Ана окуучуларым 1,5 ай даярданышып, 11 окуучу аталган чыгарманыны үзүндүсүндө роль жаратышты», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up