Оштук студенттер Элзада менен Калыйнур ушу-саньда боюнча эл аралык турнирден байгелүү кайтышты

Оштук студенттер Элзада менен Калыйнур ушу-саньда боюнча эл аралык турнирден байгелүү кайтышты

Билим АКИpress - Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетинин студенти Элзада Момунжанова Ташкент шаарында өткөн ушу-саньда боюнча Борбордук Азия чемпионатында 1-орунду багындырды. Ал ошондой эле 17-18-ноябрь күндөрү өткөн грэпплинг боюнча Азияга тандоо турниринде 1-орунду камсыздаган. Элзада алыш белбоо күрөшү жана ушу-саньда боюнча спорттун чебери.

Ушул эле факультеттин дагы бир студенти Калыйнур Абдылбаев да ушу-саньда боюнча эл аралык турнирге катышып, жеңишке жетишкен. Калыйнур бир нече дүйнөлүк, эл аралык чемпионаттардын катышуучусу, спорттун чебери.

Ийгилик жараткан спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын ОшМУнун ректору Каныбек Исаков куттуктап, жалпы жамааттын атынан жакшы каалоо-тилектерин билдирип, ийгилик каалады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up