Ысык-Көлдүн мыкты мугалимдери аныкталды (сүрөт)

Ысык-Көлдүн мыкты мугалимдери аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ысык-Көл облусунда «Мыкты мугалим-2018, «Мугалим — коомдун күзгүсү-2018» кароо-сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, сынакка ар бир район-шаарлардан мыкты делген 12 агартуучу катышты. Сынак орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлдү.

Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун маалыматына ылайык, сынактын 1-этабы 2018-жылдын 27-ноябрынан 14-декабрга чейин социалдык тармагында онлайн добуш берүү менен жүргүзүлдү.

Сынактын 2-этабында мугалимдин иш кагаздары болгон чыгармачыл портфолиолору бааланды. Ошондой эле катышуучулар предметтик сабактардан электрондук түрдөгү тестирлөөдөн өтүштү.

2018-жылдын 14-декабрында катышуучулар 45 мүнөттүк мамлекеттик жалпы орото билим берүү стандартына жооп берген ачык сабак өтүшөтү. Сабактардын темалары жана окутуу класстары калыстар тобу тарабынан берилди.

Кароо-сынактын 3-этабында 5 тапшырма болду:
1. Катышуучулардын мугалимдин имиджин көрсөтүү үчүн сахнага чыгуусу;
2. Катышуучулардын өзүн-өзү тааныштыруусу (визиттик карточка);
3. Интеллектуалдык суроолор;
4. Катышуучулар педагогикалык чеберчилигин чагылдырган мастер-класс көрсөтүүсү;
5. Өнөр таймаш.

Сынактын жыйынтыгында кыргыз тилдүү мектептер арасында баш байгени Т.Сатылганов атындагы облустук мектеп-интернатынын англис тили мугалими АйзадаАпазова багындырды.
Ал эми 1-орунду Балыкчы шаарындагы К.Жакыпов атындагы №8 жалпы орто билим берүү мектебинин география мугалими Батина Муратжанова, 2-орунду Каракол шаарындагы №11 гимназия мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Назира Жанузакова, 3-орунду Ак-Суу районундагы Ы.Туманов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин математика мугалими Нурзада Абдыкалыкова жана Түп районундагы Т.Сыдыкбеков атындагы орто мектебинин география мугалими Эдил Байтиков камсыздашты.

Орус тилдүү мектептер арасында баш байгени Ысык-Көл районундагы А.Осмонов атындагы мектеп-комплексинин башталгыч класстарынын мугалими Светлана Лебедева жеңди. Ал эми 1-орунду Балыкчы шаарындагы Л.Толстой атындагы №1 гимназия мектебинин информатика мугалими Мээримай Нурбекова, 2-орунду Каракол шаарындагы №11 гимназия мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Екатерина Колесникова, 3-орунду Түп районундагы Ш.Султанов атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Мунара Дубанаева жана Жети-Өгүз районундагы Э.Кендирбаев атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Тынаева Бибигүл алышты.

Жеңүүчүлөргө жылытуучу меш, чаң соргуч, электр-эт туурагыч өңдүү үй техникалары берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up