Бишкектик медик жана бийчи Аэлита эл алдына алгачкы жолу чыкканда бийин унутуп койгон (сүрөт)

Бишкектик медик жана бийчи Аэлита эл алдына алгачкы жолу чыкканда бийин унутуп койгон (сүрөт)

Билим АКИpressүлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — борбор калаабыз Бишкек шаарындагы окуу жайлардын биринде медициналык билим алып жаткан Аэлита Карымшакова бий менен бир топ кароо-сынактарга катышып, бир катар ийгиликтерди багынтты. Ал бала кезинен эле бийге кызыкчу.

«Учурда мен Бишкектеги окуу жайлардын биринде фармацевт кесибинен билим алуудамын. Бийлегенди кичинекей кезимен бери эле жактырам. Ал эми атайын ийримге 7 жашыман баштап катыша баштадым. Өзүмдүн үйрөткөн хореографымдын түрткүсү менен бийдин бир топ түрлөрүн өздөштүрдүм. Республикабызда болгон бир катар кароо-сынактарга катышып, жеӊүүчү да болдум.

Эл алдына биринчи жолу бийлеп чыкканым такыр эсимден кетпейт. Чынында аябай толкунданып, сүрдөгөн элем. Бийлей турчу бийимди миӊ жолу кайталап, миӊ жолу даярдансаӊ да, толкунданып, сүрдөсөӊ, анын бири да эсиңде калбай калат экен. Кээ бир кыймыл-аракетти унутуп, өзүнчө эле алдастап калганым эсимен кетпейт. Азыр болсо баары жакшы. Эл алдына чыкканда сүрдөбөй, тартынбай калдым. Келечекте өз кесибим менен элге пайдам тийген адис болсом дейм. Ага улай эле бул бий өнөрүмдү да өркүндөтсөм деген тилегим бар» - деди ал.

Аэлита Карымшакова 19 жашта. Ал Нарында төрөлүп, Бишкек шаарында өскөн.

«Үй-бүлөдө 2 бир тууганбыз. Атам, апам жана чоӊ энем бар. Өзүм Бишкек шаарындагы №50 мектепти аяктагам», - деди ал.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up