Ак-Тал айылындагы бала бакча 109 миң сомдук жабдуулар менен камсыздалды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылындагы «Ак-Тал» бала бакчасына жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп, ага керектүү эмеректер алынды. Бул тууралуу аталган бала бакчанын чарба башчысы Кенже Дүйшембиева билдирди.

Маалым болгондой, аталган бала бакчага айыл өкмөттүн бюджетинен 109 миң 261 сом каражат бөлүнүп, ага 2 даана плазмалык сыналгы, килемдер, китеп коюлуучу текче, сейф, компьютердик стол, чаң соргуч, кир жуугуч машина жана бурчтук столдор алынып берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up