Ак-Талаада мугалимдер менен тарбиячылар үчүн бир катар семинар-тренингдер уюштурулду (сүрөт)

Ак-Талаада мугалимдер менен тарбиячылар үчүн бир катар семинар-тренингдер уюштурулду (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы бир катар мектептер менен бала бакчаларда мугалимдер үчүн семинар-тренингдер өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, Тоголок Молдо айылындагы Ж.Сатылганов атындагы орто мектебинде англис тили, Ак-Тал айылындагы А.Турдакунов атындагы орто мектебинде башталгыч класстар, Үгүт айылындагы М.Баетов атындагы орто мектебинде физика, Кайыңды-Булак айылындагы Б.Мүсүралиева атындагы орто мектебинде химия жана Баетов айылындагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде география сабактары боюнча мугалимдерге семинар-тренингдер өткөрүлдү.

Ошондой эле мектеп директорлору жана окуу бөлүм башчылары үчүн Жаңы-Талап айылындагы Байымбет жана Ак-Чий айылындагы М.Балбаков атындагы орто мектептеринде, бала бакча башчылары үчүн Тоголок Молдо айылындагы «Адис-Адилет» бала бакчасында райондук семинар өткөрүлсө, Кызыл-Белес айылындагы «Кадыраалы» бала бакчасында облустук деңгээлде семинар уюштурулду.

Бул семинар-тренингдерде район боюнча алдыңкы мугалимдер ачык сабак өтүшүп, класстан тышкаркы иш-чараларды жогорку деңгээлде көрсөтө алышты. Мындан тышкары, райондук билим берүү бөлүмүнүн методисттери тарабынан тренингдер уюштурулуп, мугалимдер менен пикир алышты. Ошондой эле календарлык тематикалык пландар, окуу китептери, сабактар боюнча олимпиадалар жана башка сынактар боюнча талкуу жүргүзүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up