Ак-Талаада окуучулар арасында олимпиада өтүп, жеңүүчү мектептер аныкталды

Ак-Талаада окуучулар арасында олимпиада өтүп, жеңүүчү мектептер аныкталды

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 10 сабак боюнча окуучулар арасында олимпиада өткөрүлүп, жеңүүчү мектептер аныкталды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, район боюнча окуучулар арасындагы олимпиада 3 өрөөнгө бөлүнүп, өткөрүлдү. Анда 1-өрөөн Коңорчок айылындагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинде өтүп, 1-орунду Кош-Дөбө айылынын Э.Мейманов атындагы орто мектеби, 2-орунду Кара-Бүргөн айылынын М.Базаркулов атындагы орто мектеби камсыздады.

Ал эми 2-өрөөн Баетов айылынын Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде өтүп, анда 1-орунду Баетов айылынын Э.Карасартов атындагы орто мектеби, 2-орунду Терек айылынын К.Молдобасанов атындагы орто мектеби ээледи.

Ошондой эле 3-өрөөн Жаңы-Талап айылынын Байымбет атындагы орто мектебинде өтүп, 1-орунду Тоголок Молдо айылынын Ж.Сатылганов атындагы орто мектеби, 2-орунду Жаңы-Талап айылынын Байымбет атындагы орто мектеби камсыздады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up