Ак-Талаанын бардык мектептеринде жана бала бакчаларында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Ак-Талаанын бардык мектептеринде жана бала бакчаларында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районунун бир катар орто мектептери менен бала бакчаларында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар жогорку деңгээлде белгиленди. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди.

Маалым болгондой, райондогу бардык орто мектептерде жана бала бакчаларда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар белгиленди.

Улуу жазуучунун 90 жылдыгына арналган мындай иш-чараларда бала бакчадагы кичинекей бөбөктөр тарабынан жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр сахналаштырылып, сүрөт көргөзмөлөр уюшутурулду. Андан сырткары, орто мектептерде илимий конференциялар, тегерек столдор өтүлүп, жазуучунун «Биринчи мугалим», «Эрте келген турналар», «Ак кеме» жана башка чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылып, айрым мектептерде кыскача кинотасмалар тартылып, жазуучу туурасында слайддар көрсөтүлдү. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун сүрөттөрү жана учкул сөздөрү жазылган көрнөк-жарнактар илинди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up