Кыргызстан өкмөтү Россия эл достугу университетинин Ч.Айтматов атындагы окуу залын жасалгалоого 500 миң сом бөлдү

Кыргызстан өкмөтү  Россия эл достугу университетинин Ч.Айтматов атындагы окуу залын жасалгалоого 500 миң сом бөлдү

Билим АКИpress - Кыргызстан өкмөтү Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Ч.Айтматовдун элесин түбөлүккө калтырууга арналган иш-чараларга байланыштуу чыгымдарга 500 миң сом бөлдү. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Документке ылайык, премьер-министрдин резервдик фондунан «Кыргыз Биримдиги» тынчтыкты, достукту жана улуттар аралык өз ара түшүнүүнү бекемдөөгө аракеттешүү Аймактар аралык коомдук уюмуна Москва шаары, Миклухо-Маклай көчөсү, 10/2, аудитория №629 дарегиндеги Россия эл достугу университетинин гуманитардык жана социалдык илимдер факультетинин имаратында жайгашкан Ч.Т.Айтматов атындагы окуу залын жасалгалоо максатында 500 миң сом бөлүндү.

Бул аудиторияга XX кылымдын бүткүл дүйнөгө белгилүү жазуучусу, коомдук жана мамлекеттик ишмер, дипломат, кыргыз элинин улуу уулунун ысмын ыйгаруу чечими Россия эл достугу университетинин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up