Кеминдеги №3 мектепте аалам алпы Чыңгыз Айтматовду даңазалышты (сүрөт)

Кеминдеги №3 мектепте аалам алпы Чыңгыз Айтматовду даңазалышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Н.Давлесов атындагы №3 орто мектебинде мамлекеттик тил боюнча тажрыйба алмашуу жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Аалам алпы Чыңгыз Айтматов» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Кемин районунун жалпы мектептеринин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жана тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Асел Жамангулова 5-класска кыргыз тили сабагынан «Зат атооч» жана Айымбүбү Бейшеналиева 8-класска кыргыз адабияты сабагынан Ч.Айтматовдун «Бетме-бет» повести боюнча ачык сабак өтүштү. Ал эми башталгыч класстын мугалими Аязгүл Чочкеева 2-класска «Муун» боюнча көрсөтмөлүү ачык сабак өттү. Ачык сабакта мугалимдер учур талабына ылайык техникалык каражаттарды жана интерактивдүү методдорду колдонуу менен келген коноктордун көңүлүн бурду. Окуучулар активдүү катышып, ачык сабактар боюнча сунуш-пикирлер айтылды жана талкуу жүргүзүлдү.

Ошондой эле адабият айдыңынын алпы Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына карата «Аалам алпы Чыңгыз Айтматов» аттуу класстан тышкаркы иш-чара мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Махабат Молдосалиева жана Жийде Абдылдаева тарабынан өткөрүлдү. Анда таланттуу окуучулардын аткаруучулук чеберчилиги менен Ч.Айтматовдун мектеп программасындагы бардык чыгармалары сахналаштырылып көргөзүлүп, иш-чара көркөм окуу жана чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча окуучулардын тарткан сүрөттөрүнүн көргөзмөсү уюштурулду.

12-декабрь — Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата Чыңгыз Айтматов атындагы залдын ачылыш аземи болду. Зал учур талабына ылайык жабдылган жана жазуучу жана чыгармалары боюнча толук маалымат камтылган. Залдын жабдылышы аталган мектептин жалпы эмгек жамаатынын эсебинен жүргүзүлгөн. Иш-чаранын катышуучулары Н.Давлесов атындагы Кемин №3 орто мектебинин жалпы эмгек жамаатына иш-чаранын жүрүшү жана мыкты даярдыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up