Жумгалдын эң сулуу окуучу кыздары аныкталды (сүрөт, видео)

Жумгалдын эң сулуу окуучу кыздары аныкталды (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Кечээ, 17-декабрь күнү Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында «Мисс Жумгал-2018» кароо-сынагы болуп өттү. Бул тууралуу сынакты уюштурган Жумгал РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Салтанат Нурдинова билдирди.

Анын маалыматында, иш-чаранын максаты — окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, сергек жашоого үндөө менен маданият тармагын көтөрүү.

«Мисс Жумгал-2018» сынагында райондогу жалпы орто мектептерден келген 11 окуучу кыз ат салышты.

Сулууларга 5 этаптан турган тапшырмалар берилген: өзүн тааныштыруу, үй кожойкесинин иштери жана орду, өзүнүн ар кыл өнөрүн көрсөтүү, кече көйнөгүн кийүү ж.б өнөрлөрү боюнча тапшырмалар.

Катышуучулар даамдуу тамак жасоо, кийим тигүү, кече көйнөктөрүн, кооздук буюмдарды жасоо, ыр-бий өнөрлөрүн көрсөтүү жана кыргыздын улуттук баалуулуктарын айтуу менен көрүүчүлөрдү өздөрүнө буруп турушту.

Сынактын жыйынтыгында баш байгени Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы К.Акыев атындагы орто мектебинин окуучусу Алтынай Асанканова жеңип, «Мисс Жумгал» аталды.

Ал эми 1-орунду Чаек айылынын М.Алыбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Айпери Айдарбекова алып, «Биринчи вице-мисс Жумгал» наамына татыды. 2-орунду Байзак айылынын А.Молдокеев атындагы орто мектебинин окуучусу Айдай Адамкулова ээлеп, «Экинчи вице-мисс Жумгал» наамын камсыздады. 3-орунду Жаңы-Арык айылынын К.Мамбеталы атындагы орто мектебинин окуучусу Жанара Куштарбек кызы камсыз кылып, «Үчүнчү вице-мисс Жумгал» наамын алды.

Сулуулар сынаганын жеңүүчүсү Алтынай Асанова 2002-жылы 26-декабрда төрөлгөн. Келечекте модель жана актриса болууну кыялданат. Хоббиси — бийлөө.

1-орунду алган «Биринчи вице-мисс Жумгал» наамынын ээси Айпери Айдарбекова 2003-жылы 12-майда туулган. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу. Келечекте укук коргоо кызматкери болууну самайт.

Сулууларга Жумгал РИИБи тарабынан баалуу сыйлыктар ыйгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up