Ак-Муз айылынын окуучулары райондук турнирде 3-орунду камсыз кылышты

Ак-Муз айылынын окуучулары райондук турнирде 3-орунду камсыз кылышты

Билим АКИpress - Ат-Башы районунда жыл сайын кыздар арасында волейбол оюну боюнча мезгил-мезгили менен мелдештер уюштурулуп келет. Бул жолку мелдеш Боогачы орто мектебинде уюштурулуп, ага мектептерден тандалып келген 8 команда катышты.

Эртеден кечке болгон мелдеште командалар 2 тайпага бөлүнүп, өз ара беттеш өткөрүштү. Калыстар тарабынан 2 тайпанын жеңүүчүлөрү тандалып, алар финалдык оюндарда орундар үчүн кызыктуу беттешүү өткөрүштү.

Турнирдин жыйынтыгында Ак-муз айылынын кыздар командасы 3-орунду камсыз кылып, 3-даражадагы диплом менен сыйланды. Аталган мектептин кыздар командасы буга чейин райондук, облустук мелдештерге катышып, байгелүү оундарды камсыздап келет. Алардын ичинен төрт оюнчу волейбол оюну боюнча республиканын кыздар курама командасында ойнойт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up