Караколдогу Х.Карасаев лицейи тарабынан Ч.Айтматовго арналган адабий-музыкалык кече өткөрүлдү (сүрөт)

Караколдогу Х.Карасаев лицейи тарабынан Ч.Айтматовго арналган адабий-музыкалык кече өткөрүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи К.Жантөшев атындагы облустук драма театрында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата «Аалам алпы Айтматовго 90 жыл» аттуу салтанаттуу адабий-музыкалык кече өткөрдү.

Кечеде Айтматовдун чыгармаларынын негизинде көркөм окуулар, монолог аткаруулар болуп, сахналаштырылган көрүнүштөр, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, комуз, ырлар-бийлер орун алып, көргөзмө уюштурулду.

Иш-чарага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев, Каракол шаарынын вице-мэри Сейит Өскөнбаев, облустук жана шаардык билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, Каракол шаардык ардагерлер кеңеши, медиа кызматкерлери, ата-энелер жана лицейдин бүтүрүүчүлөрү катышты.

Буга чейин Бишкек шаарында уюштурулган республикалык «Эне тил жана Айтматов» сынагында аталган лицейдин окуучулары 1-орунду багындырып келишкен. Кеченин соңунда ошол окуучуларга сертификат тапшыруу аземи болду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up