Чоң-Алайдагы мектептер арасында «Интеллектуал жаштар» аттуу акыл таймашы өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Чоң-Алай районундагы мектептер ортосунда окуучулардын интеллектуалдык билимин жогорулатуу максатында «Интеллектуал жаштар» аттуу акыл таймашы болуп өттү.

Таймашта логикалык, предметтик, адеп-ахлахтык суроолор берилди. Иш-чара райондук билим берүү бөлүмү жана Чоң-Алай райондук «Жаштар кыймылы» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду. Таймаштын жыйынтыгында жеңген командаларга баалуу сыйлыктар, глобустар, дипломдор тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up